Стамбулдун аба майданына кол салуу: курмандыктар кырктан ашты

Сүрөттүн автордук укугу

Стамбулдун Ататүрк атындагы эл аралык аба майданына болгон кол салуунун натыйжасында соңку маалыматтар боюнча 40тан ашуун адам курман болду, 140тан ашык адам ар кандай жаракат алды.

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Рамазан айында бейкүнөө адамдардын канын төккөн кара ниет күчтөрдү айыптап, эл аралык коомчулукту террорго каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды.

"Бул кол салуунун ыйык Рамазан айында болуп жатканы терроризмдин эч бир ишенимге жана нарк-насилге карабай сокку уруп жатканын дагы бир жолу көрсөттү. Стамбулдагы теракт терроризм менен дүйнөнүн бардык өлкөлөрү катышкан жалпы күрөштө бурулуш учур болуп калат деп үмүттөнөм»,-деди Эрдоган.

Стамбулдагы Ататүрк атындагы эл аралык аба майданында шейшембиде күүгүм кирген маалда жардыруулар жана атышуулар болду.

Түркиянын юстиция министри Бекир Боздагдын айтымында, бул кол салуунун артында үч жан кечтилер турат. Алар автоматтан ок жаадырып, андан кийин өздөрүн жардырып жиберишкен.

Күбөлөрдүн айтымында, жардыруулардын бири аба майданынын имаратына кире бериш жерде жайгашкан металл издөөчү текшергич жайда адамдар топтолгон жерде болду.

Сүрөттүн автордук укугу GETTY
Image caption Кол салуудан токсондон ашык адам ар кандай жаракат алганы айтылууда.

Би-Би-Си кабарчысы Марк Лоуэндун билдиришинче, кол салуу абдан дыкат даярдалганы көрүнүп турат.

Бул кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек, бирок мурда түрк бийликтери теракт окуялар үчүн «Ислам мамлекети» аталган жихадчылардын согушкерлерин же күрд жикчилдерин күнөөлөп келишкен.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым аба майданына кол салуунун артында «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун согушкерлери турушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбай турганын айтууда.

Премьердин айтымында, аба майданында болгон терактын курмандыктарынын арасында чет элдик жарандар болушу мүмкүн.

АКШ Стамбулдагы кандуу окуяны «жийиркеничтүү кол салуу» деп атап айыптады. Вашингтон ошондой эле террорго каршы күрөштө Америка Түркия менен бир катарда экенин билдирди.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер "Биз курмандыктарга кайгырып аза күтөбүз"… "Биз Түркия менен биргебиз» деген кайрат айткан сөздөрүн жолдоду.

Жардыруудан кийин Стамбулдун аба майданындагы учууга пландалган каттамдардын баары токтотулду, жүргүнчүлөр мейманканаларга жайгаштырылды.

Ататүрк атындагы аба майданы өткөн жылы Европанын эл кыйма-чийме каттаган үч аба майданынын бири болуп аталып, Лондондун Хитроу жана Париждин Шарл де Голл атындагы аба майданынан кийинки үчүнчү орунга чыккан.

2015-жылы бул аба майданы аркылуу 61 млн ашык адам тейлөөгө алынган.