Лондондо Максим Бакиевдин сотунда жаңы көрсөтмөлөр угулду

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Британдык ишкерди өлтүрүүгө буюртма берген деп шектелип жаткан Максим Бакиевдин Лондондо өтүп жаткан сот жыйынында жаңы көрсөтмөлөр болгонун ага катышып жаткан кабарчыбыз Акчолпон Койчиева Би-Би-Си радио программасынын түз эфиринде билдирди.

Британдык ишкер Шон Дейлинин арызы боюнча Максим Бакиевдин ишин карап жаткан сот бүгүн Кыргызстандын мурдакы президенти Курманбек Бакиевдин көрсөтмөсүн укту.

А. Койчиева: Бүгүнкү соттук угуулар саат он жарымда башталды. Буга чейинки угууларда Максим Бакиев көрсөтмөлөрдү берип келген. Бүгүн болсо мурдакы президент курманбек Бакиев видео-байланышка чыгып, өзүнүн көрсөтмөлөрүн берди. Ал Шон Дейлинини адвокатынын Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча алган лицензиясы, британиялык "Оксус", "Глобал голд" компаниясы жөнүндө суроолорго жооп берип жатты.

Сүрөттүн автордук укугу Daily Mail
Image caption Шон Дейли 2006-жылы ок жегенден кийин Британияга барып дарыланып, өмүрүн сактап калган

Ал лицензияларды берүү же алуу биринчи кезекте өкмөттүн иши экенин белгилеп, президент катары өзүнүн жана уулу Максимдин лицензияларды берүү жана алуу ишине эч кандай тиешеси болбогонун айтты. Эң кызыгы, бул орусча-англисче которулуп берилип жаткан байланыш учурунда адвокат К. Бакиевден анын уулунун мүнөзү жөнүндө да сурады. К. Бакиев Максимди мен абдан акылдуу жана билимдүү жигит деп эсептейм деп айтты.

Адвокат ошол эле учурда "уулуңуздун кызуу кандуулук кылып, ачууга алдырып жибермейи бар, билесизби. Мисалы ал сизди аткан да" деген суроо берди. Курманбек Бакиев күлүп, "бул ойдон чыгарылган нерсе. Мындай нерсе эч качан болгон эмес",-деп жооп кайтарды.

Адвокат өз кезегинде Германияда эмне себептен дарыланып жүргөнүн сураганда, Бакиев жашы өтүп калган адамдардай эле эки жамбашына операция жасатып келгенин билдирип, "кааласаңар Германиядан анын тийиштүү медициналык кагаздарын да алып көрсөнөр болот" деп айтты. Процесс уланууда, ага катышкан адамдар көрсөтмө берип жатышат.

Би-Би-Си: Максим Бакиевди жакындан көрүүгө мүмкүн болдубу?

А. Койчиева: Ооба. Бир залда чогуу отурдук. Сот башталар алдында мен байкадым, Максим Бакиев атасын бир карап алды. Бирок Курманбек Бакиевге залдын ичи бүт көрүнүп турду деп даана айта албайм, анткени ал жактагы камера сүйлөп жаткан адвокатка кадалып турду.

Би-Би-Си: Сот залында башка кыргыз жарандары да болдубу?

А. Койчиева: Негизинен бул сот иши башталгандан бери ага Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси же элчиликтин өкүлдөрү келип катышып жатышыптыр. Бүгүн дагы элчи айым Гүльнара Искакова да катышып отурду. Ошондой эле кабарчылар, журналисттер, эки тараптын адвокаттары катышып жатышат.

Би-Би-Си: Уулунун мүнөзү, анын атасын атканы жана Бакиев Германияда эмнеден дарыланганына чейин сурагандары кайсы тарапка шилтеме берип жатат?

А. Койчиева: Бул Шон Дейлинин адвокатынын суроолору болду. Ал киши "Оксус" компаниясынын лицензиясын алдырып жиберип, кийин аны кайтарып алуу аракетинде мурдакы президент Бакиведин ролу канчалык болгон, өзү жеке кийлигишкенби, ошондой эле уулуна канча бийлик берген деген маселени аныкташ үчүн берилген суроолор болду. Тилекке каршы, көпчүлүк суроолорго К. Бакиев "мунун баары менин эсимде жок", "Эгерде далилиңер болсо, мага ошондой кат жазылган болсо, катты көрсөткүлө" деп түз жооп берүүдөн баш тартты.

Би-Би-Си: Максим Бакиев кандай суроолорго жооп берди?

А. Койчиева: Максим Бакиев суроолорго буга чейинки угууларда жооп берип келген. Эми мындан кийин да жаңы далилдерге байланыштуу сүйлөшү мүмкүн. Бүгүн болсо ал күбөлөрдүн сөзүн өзүнүн командасы менен чогуу угуп отурду.