Словакия Евробиримдик советин алгачкы жолу башкарат

Евробиримдиктин кабыл алынган принцибине ылайык, 1-июлдан тарта биримдикке алты айлык төрагалык кылуу Словакиянын колуна өттү.

Словакия Евробиримдикке 2004-жылы мүчө болгон. Ошонон бери алгачкы жолу мындай укукка ээ болуп отурат.

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо, учурда көз алдында чечилбей жаткан жалпы европалык саясаттагы бир катар маселелерди чечүүну өзгөртөрүн айтып чыкты.

Бул эң оболу мигранттарга тиешелүү көйгөйлөр.

«Европаныны келечегине тиешелүү болгон көйгөйлөрдү чечүү бир же эки өлкөнүн чечиминин негизинде мүмкүн эмес», - деп эсептейт Фицо.

Өткөн жылы Евробиримдикке кирген өлкөлөр качкындарды квоталар менен бөлүштүрүп алуу боюнча иш алып барган учурда Словакия баш тарткан болчу.

Буга чейин Роберт Фицо «брекситке» байланыштуу көйгөйлөрдү айтып, Евробиримдиктин лидерлерин сентябрда Братиславада формалдуу эмес жыйынга чогулууну сунуш кылган эле. Бул түздөн-түз Британиянын ЕБ курамынан чыгып кеткенден кийинки келчегине байланыштуу.