“Брекситти” токтотуп калуунун укуктук жолу барбы?

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Британия референдумда Евробиримдиктен чыгуу жөнүндө чечкенден кийин талаш-талкуулар токтобой жаткан чакта юристтер “брекситти” токтотуп калуунун укуктук жолдору барбы деген маселенин үстүндө баш катырышууда.

Үч негизги вариант каралууда: • Лиссабон келишиминин 50-беренесинин күчүн токтотуу • Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгышын Шотландия менен токтотуп калуу • Жалпы элдик экинчи референдум

Британдык мыйзам боюнча референдумдун өзү укуктук жактан эчтекеге милдеттендирбей турганы жана Британиянын Евробиримдиктен чыгышы автоматтык түрдө башталбай турганы көпчүлүктү таң калтырууда.

Бул процесс Лиссабон келишиминин 50-беренесине ылайык жүрүшү керек.

Башкача айтканда, референдум укуктук жагынан эчтеке өзгөртбөйт, бирок саясий жактан баары башкача болот.

50-берене

50-беренеде Улуу Британиянын Евробиримдик менен ажырашуу жол-жобосу жазылган.

Премьер-министр расмий түрдө билдирүү жибергенден кийин ажырашуу мөөнөтүнүн сааты жүрө баштайт: сүйлөшүүлөргө эки жыл каралат.

Бул мөөнөт биримдиктеги 27 мүчө өлкөнүн бир добуштан алган чечими менен узартылышы мүмкүн.

Дэвид Кэмерон Лиссабон келишиминин 50-беренесин ишке киргизбей турганын, бул маселени чечүүнү жаңы премьерге калтырарын билдирген.

Эгер убакыт узартылбаса, Британия келишимдин шарттарына ылайык, эки жылдык мөөнөт аяктагандан кийин Евробиримдиктин мүчөсү болбой калат. 50-беренеде Евробиримдикке мүчө өлкө биримдиктен «өзүнүн конституциянын талаптарына ылайык чыгышы керек» деп айтылат.

Бул сөз юристтерди терең ойго салууда, «өзүнүн конституциясы» дегенди кандай чечмелеш керек?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Улуу Британиядагы конституциялык укук боюнча Ассоциациянын үч экспертинин макаласында конституция боюнча премьер-министр 50-беренеге ылайык, парламенттин макулдугун албай туруп, расмий түрдө билдирүүлөрдү жасай албай турганы айтылат.

Бул жерде жүйө боюнча парламенттин макулдугусуз премьер-министр прерогативдүү укуктарын ишке ашыра албайт дегенде болуп жатат.

Аткаруучулук бул ыйгарым укуктар орто кылымдардан бери эле монархияга таандык болуп келип, азыр министрлердин колуна өткөн.

Бул маселе көбүнчө тышкы саясат маселелерине тийиштүү, аларды чечүүнү парламент өкмөткө калтырганы белгилүү.

Бирок буга чейин болуп келген иштерге караганда, бул укуктар парламенттин чечимдерине үстөмдүк абалда болгон эмес.

Эми бул мыйзамдарды жаңы мыйзамдар менен гана өзгөртүүгө мүмкүн.

Image caption Дэвид Кэмерон Лиссабон келишиминин 50-беренесин ишке киргизбей турганын, бул маселени чечүүнү жаңы премьерге калтырарын билдирген.

Ушул көз караштан алганда, премьер-министр парламенттин макулдугусуз 50-беренени ишке киргизип, өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуу процессин баштаса, бул аракеттер 1972-жылкы Европалык коомдоштук жөнүндө актыларга кайчы келет, анда Евробиримдиктеги мүчөлүк жана ЕБ келишимдин өлкөнүн укуктарына таасири жазылган.

50-беренеде каралган процесс иш жүзүндө 1972-жылдагы актыны жоет, демек анда парламент премьер-министрге чыгуу процессин баштоо боюнча конституциялык укуктарды бериши керек.

«Эмки маселе, парламент 50-беренени ишке киргизүү боюнча мыйзам кабыл алабы, кеп ошондо»,-деп жазат Times журналында лорд Дэвид Пэнник, лорддор палатасынын мүчөсү, коомдук укук боюнча адис. "Баары бир тийиштүү мыйзамсыз премьер-министр мыйзамдуу билдирүү жөнөтө албайт»,-деп кошумчалайт ал.

Ушул сыяктуу пикирди королдук адвокат лорд Энтони Лестер жана жалпылар палатасынын мурдакы катчысы сэр Малькольм Джек да айтууда.

Вебсайт Crowd Justice бул укуктук экспертиза азыркы тарыхтагы эң маанилүү маселе болуп калгандыгын жазууда.