Тажикстан: Президенттин кызы байларды кедейлерге садака берүүгө милдеттендирди

Image caption Дүйнөлүк банктын 2014-жылдагы маалымат боюнча, Тажикстанда элдин 30% ашыгы абдан жакырчылыкта жашайт.

Президент Эмомали Рахмондун кызы жана анын аппаратынын башчысы Озода Рахмон чиновниктерди, бизнесмендерди жана мусулман динаятчыларын колунда жок, жакыр жашагандарга садака берүүгө милдеттендирди.

Озода Рахмон кол койгон жарлыкта мамлекеттик кызматчылар, дин ишмерлери жана ишкерлер колунда жок үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп гана тим болбостон, аткарган иши жөнүндө мамлекеттик органдардын алдында отчетун берүүгө тийиш экени айтылат.

Жарлыктын аткарылышынкөзөмөлдөө жагы дин иштери боюнча комитетке тапшырылды. Расмий маалыматка караганда, Тажикстанда 18 миң мамлекеттик кызматкер жана төрт миң имам-хатиб иштейт.

Жакыр жашаган адамдарга жардам көрсөтүү идеясына ишке ашыруу Тажикстанда биринчи жолу болуп жатат. Мурда президент Эмомали Рахмон колунда бар жарандарды жакыр адамдарга кайыр-садака берүүгө чакырып, бирок бул сунуш түрүндө гана болгон.

Эми тажик чиновниктери, ишкерлер жана диний ишмерлер Рамазан айынын аякташынын урматына майрамдык кайыр-садаканы расмий түрдө таратып, ал тууралуу отчет бериши керек.

Ид аль-Фитр майрамы Тажикстанда 6-июлда майрамдалат. Бул майрамдын өзгөчөлүгү эртең менен салтанаттуу намаз окулат. Рамазан айынын аяктаганына байланыштуу мусулмандар колунда жок адамдарга садака таратышат.

Мурда Тажикстандын ислам борбору Аалымдар кеңеши милдеттүү төлөмдү бир адамдан беш сомони деп койгон.