Багдаддагы 130 адам курман болгон жардырууга «ИМ» жоопкерчилик алды

Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES

Ирактын борборунда жардыргыч заттар шыкалган автоунаа жарылып, 130 дан ашык адам курман болду, 150 дөй адам жаракат алды. Бул кол салууга «Ислам мамлекети» атыккан экстремисттик күчтөр жоопкерчилик алды.

Эң биринчи - эң катуу жардыруу түн ичинде шаардын борборундагы Эль-Каррада районунда болду. Ресторандын жанында мина коюлган автоунаа жардырылды. Экинчи жардыруу бир аздан кийин Багддадын түндүк жагында болду.

Карада районунда көп дүкөндөр, кафе-ресторандар бар, аларда мусулмандардын Рамадан айында күн баткандан кийин эл абдан көп болчу.

Бул кол салууга жоопкерчиликти дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө террордук уюм болуп таанылган жана тыюу салынган «Ислам мамлекети» тобу алды.

Бул жардыруулар Ирактын өкмөттүк аскерлери «ИМ» көзөмөлдөп турган Фаллуджа шаарын кайтарып алышкандан кийин болуп отурат.

Анализ

Джереми Боуэн, Би-би-си, Багдад

Өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик уюмдун жихадчылары өздөрүнүн кан төккөн жана кыйраткан иштери менен бизге түшүнүктүү кабар берип жатат.

Алардын айтымын баамдасак, биз согуш талаасында талкалаганыбыз менен алар баары бир Ирактын баш калаасында жана башка шаарларда карапайым элдин канын төгүп жооп беришет.

«ИМдин» согушкерлери жакында эле Фаллуджада ирак аскерлеринен олуттуу жеңилүүгө учурашты. Бул Багдаддан болгону бир саат аралыктагы шаар 2014-жылдан бери жихаддык күчтөрдүн көзөмөлүндө болуп келди.

Эми «ИМ» өзүнүн колдоочуларына али жеңиле электигин көргөзүп жатат.

Мынчалык көп сандагы курмандыктардын болгон себеби Рамадан менен байланыштуу: адамдар көчөгө кечинде жана түн ичинде чыгышат.

Исламчыл экстремисттерден дагы башка жаңы чабуулдар болбой койбойт, анткени «ИМге» аскердик кысым барган сайын күчөп баратат. (КС)