Британия: Референдумдан кийин бизнестеги пессимизм эки эсе өстү

Сүрөттүн автордук укугу Getty

Британия Евробиримдиктен чыккандан кийин өлкөдө ишкерлик ишеними дароо төмөндөп кетти. Бул тууралуу маалыматты YouGov социалдык агентствосу жана Экономика жана бизнес изилдөө борборунун иликтөөсүн көрсөтүүдө.

Британиянын экономикасынын келечегине пессимисттик көз-карашта караган компаниялардын катышы референдумдан кийинки эки апта ичинде эле бир канчага жогорулаган. Добуш берүүгө чейин 25% көрсөткөн болсо, андан кийин 49% га жетти.

Ишкерлик ишенимдин түшүшү компанияларды инвестициялардан жана жаңы кызматкер алуудан баш тартууга мажбур кылышы мүмкүн.

«Бул деген жакынкы 3-6 жылдын ичинде экономиканын абдан басаңдашынан кабар берет», - деди CEBRдин жетекчиси Скотт Корф Би-Би-Сиге берген маегинде.

Өткөн аптада YouGov дагы керектөөчүлөр арасында негитивдик маанайдын жогорулашы тууралуу оюн айтты.

Керектөөчүлөр арасындагы ишеним 2013-жылдагы деңгээлге чейин түшүп кеткен.