АКШ юстиция министрлиги Хиллари Клинтонго козголгон ишти жапты

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Мындан мурдараак АКШ президенти Барак Обама шайлоо алдындагы иш-чараларга байланыштуу биринчи жолу Хиллари Клинтондун өнөктүгүнө келген жана бул аял өлкө башына келүү үчүн эң компетенттүү талапкер деп атаган

АКШнын юстиция министри Лоретта Линч мурдагы мамлекеттик катчы жана учурда АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтонго айып тагылбай турганын билдирди.

Буга чейин Федералдык тергөө бюросу да Клинтондун жеке электрондук даректерин жашыруун пайдалануусуна байланыштуу иликтөөсүн токтоткон эле.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Клинтон жашыруун маалыматтарга «абдан этиятсыз» мамиле жасаганы айтылган. Бирок ага карабастан, Федералдык тергөө бюросу Юстиция министрлигине Клинтонго каршы иш козгобоону сунуштады.

“Мен тергөө бюросунун сунушун кабыл алдым жана иликтөөнү токтоттум. Ошондой эле анын айланасындагы бир да кишиге кылмыш козголбойт”, - деп билдирет Линч.

Мындан мурдараак республикачыл депутаттар ФБРдин жетекчиси Жеймс Комини бул окуялар боюнча жооп берүүгө чакырышкан эле.

Бул чуу Клинтон Мамлекеттик катчы кезинде өзүнүн жеке электрондук даректерин пайдалануу менен жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгып кетүүсүнө шарт түзгөн деген күмөн саноо менен жаралган.

Хиллари Клинтон буга чейин жеке электрондук дарегине келген же жиберген жашыруун билдирүүлөр болгон эмес экенин айтып чыккан эле.

Мындан мурдараак АКШ президенти Барак Обама шайлоо алдындагы иш-чараларга байланыштуу биринчи жолу Хиллари Клинтондун өнөктүгүнө келген жана бул аял өлкө башына келүү үчүн эң компетенттүү талапкер деп атаган. (SA)