Кыйраган EgyptAir учагы боюнча жаңы версия

Image caption "Кара кутуну" учурда Парижде иликтеп жатышат. Учак кыйраган үчүн аны ремонт кылууга туура келген

Жер ортолук деңизинде EgyptAir авиакомпаниясынын жоголгон А320 авиалайнеринин учкучтары соңку мүнөттөрдө өрттү өчүрүү менен алек болгон. Мындай билдирүүнү учактын “кара кутусунда” жазылган маалыматтарга таянып айтып чыгышты.

Иликтөөчүлөр тобунун айланасындагы адамдардын айтымында, учак кыйрай электе анын дааратканасынан жана учкучтар отурган кабинадагы электрондук жабдуулардан түтүн чыкканын талкуулаган үндөр “кара кутуга” жазылган.

Кыйраган учактын калдыктары табылган учурда анын алдыңкы бөлүгүндө жогорку температуранын изи жана көө болгону ачыкталган.

EgyptAir компаниясынын А320 учагы MS804 рейсин аткарып, Парижден Каирге учуп келе жаткан. Ал Египеттин аба мейкиндигине киргенден кийин радарлардан жоголгон.

Учактын ичинде 66 киши болгон, алардын ичинде 56 жүргүнчү. Арасында Египеттин 30, Франциянын 15 жараны болгон жана дагы 10 мамлекеттин атуулдары.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Учактын ичинде 66 киши болгон, алардын ичинде 56 жүргүнчү

Түтүндөн улам учактын билдиргичтери иштегени менен, лайнер кырсык ишарат белгисин берген эмес деп айтылууда.

Египеттик иликтөөчүлөр бардык мүмкүн болгон себептердин ичинен эң негиздүү болуп террордук чабуул версиясы көрүнүүдө деп айтышып, бирок башка версиялар да четке кагылган жери жок.

"Кара кутуну" учурда Парижде иликтеп жатышат. Учак кыйраган үчүн аны ремонт кылууга туура келген. Эксперттер дале болсо учкучтардын сүйлөшкөндөрүн чечмелеп жатышат. Азырынча расмий комментарийлер айтыла элек. (ErA)