Чилкот баяндамасы: Тони Блэр жооп кайтарды

Image caption 2 миллион алты жүз миң сөз, 12 томдон турган баяндама жарыяланды

Лондондо сэр Жон Чилкоттун 2003-жылы Британиянын Иракка кол салуусу жана ирак кампаниясы тууралуу баяндамасынын жыйынтыктары жарыяланды.

Би-Би-Си баяндаманын негизги жыйынтыктарын жана ага коомчулуктун учурдагы мамилесин чагылдырып, маалымдап турат.

Жон Чилкоттун баяндамалары жарыялангандан кийин, Иракта курман болгон жоокерлердин жакындары маалымат жыйынын өткөрүп, айрымдары мурдагы өкмөт башчы Тони Блэрди түздөн түз күнөөлү деп аташты. Баяндама тууралу кийинчерээк жооп кайтараарын айткан Блэр өз пикирин билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр.

Британиянын ирак кампаниясына катышуу чечимин кабыл алган ошол учурдагы премьер-мининстр Тони Блэр Чилкоттун баяндамасы жарыялангандан кийин: “Мен кандай гана ката болбосун актануусуз жана четке кагуусуз толук жоопкерчилик алам”,-деп билдирди. Ал ошол эле учурда бул чечимди терең талдап, ишенич менен Британиянын кызыкчылыгы үчүн кабыл алгандыгын баса белгиледи.

Учурдагы премьер-министр Дэвид Кэмерон шаршембиде парламент Чилкоттун баяндамасын эки күн бою талкуудай турганын айтты. Анын пикири боюнча, кайсы гана партиядан болбосун 2003-жылы бул согушка макулдук берген депуттатар бул ишке өз үлүштөрү бар экендигин сезиши керек.

Экинчи жагынан баяндаманын мазмунуна караганда Блэр жана анын өкмөтү коомчулукту алдоого аракет кылган эмес. Ошондой эле мунун сабактары кызыкчылыктар дал келген учурларда Британия эң жакын өнөктөшү АКШ менен бирге иш алып барбашы керек дегенди түшүндүрбөйт деди.

Сэр Жон Чилкот башында турган көз карандысыз комиссиянын баяндамасынын жыйынтыктары 2003-2009-жылдары британиялык аскерлердин ирак өнөктүгүнө катышкандыгына арналган. Документтер өзгөртүлбөстөн жарыяланат.

Сүрөттүн автордук укугу Jim Waterson
Image caption 7 жылга созулган иликтөөдө миңдеген документтер каралып, бир нече айга созулган көрсөтмөлөр алынган

2003-жылы АКШ жана Британия баш болгон коалициялык күчтөр Иракты басып киришкен.

Коалициялык күчтөр Иракта биологиялык жана химиялык курал бар деп шек санашып, ал курал Батышка каршы колдонулат деп кооптонушкан.

Ирактын армиясы таркатылып, өлкөнүн башчысы Саддам Хусейин камакка алынган.

Бирок, Иракта массалык кыргын салуучу курал табылган жок. Ирактагы согушту сындагандар, АКШ менен Британия дүйнөлүк коомчулукту алдады деп айтып чыгышкан.

Саддам Хусейн бийликтен түшүрүлгөндөн кийин, өлкөдө жарандык согуш башталып, чет өлкөлүк күчтөргө каршы көтөрүлүш башталган.

Жүз миңдеген жөн жай тургундар курман болуп, 2011-жылы АКШнын аскерлери Ирактан чыгып кеткен.

Согуш учурунда 179 британдык аскер курман болуп, 3600дөн ашуун жоокер жарадар болгон. 2009-жылы Улуу Британиянын премьер-министр Гордон Браун атайын иликтөө жүргүзүүгө буйрук берип, бул ишти мамлекеттик кызматкер Сэр Жон Чилкот жетектеп калган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 2009-жылы Улуу Британиянын премьер-министр Гордон Браун атайын иликтөө жүргүзүүгө буйрук берип, бул ишти Сэр Жон Чилкот жетектеп калган

Ал согушка чейин эмне болгонун териштирип, андан кийинки аскердик аракеттер, согушка катышуу чечими качан кабыл алынганын, салгылашуу учурунда эмне болгонун жана андан кандай сабак алуу керектигин иликтемек.

Ошондой эле Сэр Чилкот буга байланышкан төмөндөгү бир нече суроолорго жооп издеген:

Бириккен Улуттар Уюму кийлигишүүгө уруксат бербеген соң бул согуш мыйзамдын чегинде болдубу?

Атайын кызматтар сунуштаган маалыматтар согушка аралашуу үчүн бурмаланды беле?

Мурдагы премьер-министр Тони Блэр согушка баруу чечимин мурда айтылган мөөнөттөн да эрте кабыл алды беле?

Улуу Британиянын аскерлери согушка туура курал-жарак жана жабдыктар менен жөнөтүлдү беле?

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Баяндаманын жарыяланышы Британияда дароо реакциялар менен коштолду

7 жылга созулган иликтөөдө миңдеген документтер каралып, бир нече айга созулган көрсөтмөлөр алынган.

Ирактагы согушта каза тапкан же жарадар болгон аскерлердин жакындары иликтөө көпкө созулганына кыжаалат болушту.

Иликтөө созулуп кеткенине бир нече себеп болгону айтылууда. Мисалы 8 жылга созулган окуялар боюнча документтерди чогултуп, айрымдарын которууга кеткен убакыт же Тони Блэйрдин АКШнын президенти Жорж Буш менен болгон каттарын ачыкка чыгарса болобу деген талкуу жана иликтөөнү сындагандардын пикирлерин угуп чыгуу ишти создуктурган.

Натыйжада 2 миллион алты жүз миң сөз, 12 томдон турган баяндама жарыяланды.