Ирак: шииттердин мавзолейиндеги жардыруудан 20 киши курман болду

Image caption Полициянын маалыматына караганда, унаа менен келген жанкечти өзүн дарбазанын жанында жардырып жиберген

Ирактын борбору Багдад шаарында жайгашкан шииттердин мавзолейиндеги жардыруудан кеминде 26 киши курман болгону айтылууда.

Ассошиэйтед Пресс агенттигинин маалыматы боюнча, жардыруудан улам 52 адам жаракат алган. Франс Пресс агенттиги болсо 30 киши каза болгонун айтууда.

Полициянын маалыматына караганда, унаа менен келген жанкечти өзүн дарбазанын жанында жардырып жиберген. Андан кийин куралданган кишилер мавзолейдин ичине кирип барышып, алдынан чыккан адамдарга ок чыгара баштаган.

Бул учурда мавзолейге айт майрамына байланыштуу сыйынууга келген көп адам болгон. Азырынча бул жардырууну ким уюштурганы айтыла элек.

Өткөн жумада Багдад шаарында 3 жардыруу болуп, курман болгондордун саны 200дөн ашкан. Өлкөнүн ички иштер министри Мохаммед Габбан окуядан улам отставкага кетээрин билдирген эле. (ErA)