Түштүк Судан: туруктуу тынчтык орнотууга эмне тоскоолдук бар?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Президент Салва Киир жана вице-президент Риек Мачар

Түштүк Суданда президент жана вице-президенттин мамилелери 2011-жылы эле сууп калганы айтылууда. Бирок бир жыл мурун эки тарап тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп, жарандык согушту токтотуш үчүн келишимге макул болушкан. Бирок адистердин көбү өлкөдө туруктуу тынчтыкты ортонуш үчүн айтылган келишим кайрадан каралышы керек деп баса белгилешкен. Би-Би-Си суроо-жооп түрүндө Түштүк Суданда эмнеге туруктуу тынчтык орнобой жатканын түшүндүрүп берет.

Экиге бөлүнгөн өлкө

Буга чейин президент Салва Киир жана вице-президент Риек Мачар салгылашууларды токтотууга убада берип келишкен. Бирок буга чейин бир нече жолу кайрадан ок чыгарууга буйрук беришкен.

Тынчтык келишимине ылайык, мурда козголоңчулардын командири болгон Риек Мачар вице-президент даражасын алып, тарапкерлери өлкөнүн армиясына кошулган.

Президент Салва Киир болсо бир жыл мурда кол коюлган келишимди жактырган эмес жана чет өлкөлүк мамлекеттер мажбурлагандан улам кол коюуга аргасыз болгонун маалымдаган.

Сүрөттүн автордук укугу
Image caption Түштүк Судан 2011-жылы көз карандысыздыгын алган, ага чейин Судан мамлекетинин бир бөлүгү болуп турганда ондогон жылга созулган жарандык согуш болгон

Тынчтык келишиминдеги мүчүлүштүктөр

Президент Киирдин талапкерлери негизинен Динка этникасындагы куралчандар жана армиянын генералдары, алар келишимди жактырбай, жетекчини кол койбоого чакырышкан.

Ал эми Түштүк Судандагы бейөкмөт уюмдар келишимде эки жетекчинин ыйгарым укуктарына жана бийликти бөлүштүрүүгө басым жасалып, адилеттүүлүк, согушта болгон зомбулукка жоопкерчилик тууралуу эч нерсе айтылбаганына нааразы болушкан.

Бул уюмдар согуштун негизги себептери каралбагандыктан, кийин да касташуунун алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлбөйт деп жүйөө келтиришкен.

Түштүк Суданга коңшу мамлекеттердин кийлигишүүсү

Чөлкөмдөгү мамлекеттер тынчтык орнотууга көмөк көрсөткөнү менен, алардын кийлигишүүсү туруктуу тынчтыкка тоскоолдук жараткан.

Мисалы, Уганданын президенти Киирге жардам берип, аскерлерин өлкөгө жөнөткөн. Ал эми Судан козголоңчулардын лидери, учурдагы вице-президент Мачарга курал жөнөтүп, өз аймагында жоокерлерине база түзүп берген.

Ал эми экономикалык кызыкчылыктарын коргош үчүн Кения сыяктуу мамлекеттер айрым учурда бир тарапты колдогон. Адистердин айтымында, коңшу мамлекеттер келишимди сыйлабаса, Түштүк Суданда туруктуу тынчтык орнобойт.

Сүрөттүн автордук укугу CCTV
Image caption Жума күнү күтүүсүз касташуу орун алып, Жуба шаарынын көчөлөрүндө танкалар, тик учактар, автоматтын добуштары жаңырууда

Этникалык араздашуулар

Миллиондогон түштүк судандыктар бир гана согушту көрүп чоңоюшкан.

Түштүк Судан 2011-жылы көз карандысыздыгын алган, ага чейин Судан мамлекетинин бир бөлүгү болуп турганда ондогон жылга созулган жарандык согуш болгон.

Ал эми эгемендүүлүгүн алгандан кийин, 2013-жылы Түштүк Суданда жарандык согуш тутанган. Бул согуштун тамырында этникалык араздашуулар турат.

Нуэр жана Динка бири-бирине атаандашып, бийликти талашып келет. Бирок Нуэрдин ичиндеги “бул-нуэр” этникасындагы тургундар бийликтеги Динкаларды колдоп, Нэур этникасынын ичинде да өз ара касташуулар орун алган.

Эки жетекчи тынчтык келишимине макул болгону менен, этникалык араздашуулар улана берген.

Туруктуу тынчтык орнотуу үчүн Нуэр жана Динканын аксакалдары да тынчтыкты колдоп, тарапкерлерин сабырдуулукка үндөшү абзел.