Жон Керри Москвага жыл ичинде экинчи жолу келет

Сүрөттүн автордук укугу AP

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 14-июлда Москвага келет. Бул тууралуу мамлекеттик департаменттин өкүлү Жон Кирби билдирди. Бул Керринин Орусияга ушул жылдагы экинчи сапары.

Кирбинин айтымында, мамлекеттик катчы Орусияда жогорку даражадагы чиновниктер менен жолугат. Жолугушууларда Украинадагы, Сириядагы жана Тоолуу Карабактагы кырдаал талкууланат.

Керри Москвага Франциядан кечинде учуп келет. Ал Францияда Бастилияны каратып алуу күнүн белгилөөгө катышат.

Керринин Орусияга визити анын Европа сапарынын алкагында өтөт. 15-июлдан 17-июлга чейин ал Люксембургда болот. Ал жакта Керри Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Ассельборн менен жолугат.

17-июлда АКШнын мамлекеттик департаментинин башчысы Брюсселге барып, Евробиримдиктеги мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могорини менен жолугат.

Керри 18-июлда Лондонго барып, Сириядагы жана Йемендеги кырдаалды талкуулайт.

Ал Москвага ушул жылдын март айында келген. Президент Владимир Путин жана кесиптеши Сергей Лавров менен жолуккан.

Төрт саатка созулган сүйлөшүүлөрдө Сириядагы, Украинадагы абал жана украиналык учкуч Надежда Савченконун тагдыры талкууланган. (AK)