Британия: жаңы министрлер дайындалды

Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Королева Елизавета II Тереза Мэйди Улуу Британиянын жаңы премьер-министри катары расмий түрдө дайындады

Королева Елизавета II Тереза Мэйди Улуу Британиянын жаңы премьер-министри катары расмий түрдө дайындады. Ал Маргарет Тэтчерден кийинки эле Британиянын тарыхындагы экинчи аял премьер-министр болуп калды.

Мэй премьерлик кызматка киришип, Лондондун мурдагы мэри Борис Жонсонду Британиянын Тышкы иштер министри катары дайындады. Жонсон өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуусун колдоп, өнөктүк жүргүзгөн таасирдүү саясатчылардын бири катары белгилүү.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Борис Жонсон Британиянын Тышкы иштер министри катары дайындалды

Өлкө аталган биримдиктен чыккан учурда Борис Жонсон премьер-министр болууга өзүнүн талапкерлигин алып салган.

Тереза Мэйдин командасында дагы кимдер бар?

Филип Хэммонд

Сүрөттүн автордук укугу Getty

Филип Хэммонд Финансы министри болуп ишке киришти. Дэвид Кэмерон министрлер кабинетин жетектеп турганда, Хэммонд Тышкы иштер министри болуп иштеген. Буга чейин Коргоо министрлигинде жана Транспорт министрлигинде жогорку кызматтарды ээлеп турган.

Эмбер Радд

Сүрөттүн автордук укугу PA

Эмбер Радд Ички иштер министри болуп дайындалды. Ал буга чейин Энергетика жана климат өзгөрүү министрлигинде жетекчи болуп турган.

Майкл Фэллон

Сүрөттүн автордук укугу Getty

Майкл Фэллон 2014-жылдан бери өлкөнүн Коргоо министри болуп иштеп келе жатат.

Дэвид Дэвис

68 жаштагы Дэвид Дэвис Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыккандан кийинки маселелери боюнча министр болуп дайындалды.

Лиам Фокс

Лиам Фокс Британиянын эл аралык соода министри болуп дайындалды. Ал буга чейин өлкөнүн Коргоо министри болуп иштеген. (ErA)