“ИМ” тобу өзүнүн лидерлеринин бири каза тапканын тастыктады

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Шишанинин теги грузин, чыныгы аты-жөнү Тархан Батирашвили.

Өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топ негзиги командирлеринин бири Умар Шишани каза тапканын тастыктады. Март айында анын өлтүрүлгөнүн Пентагон кабарлаган болчу.

«ИМ» тобу менен байланышы бар Amaq маалымат агенттиги Шишани Ирактын Ширкат шаарындагы ок атышуу учурунда каза тапкан деп билдирет. Агенттик анын качан каза тапканы туралуу маалыматты тактаган эмес, бирок ал Мосул үчүн болгон кармашта өлгөнүн ырыстаган. Бул маалыматтар америкалык аскерлердин айткандары менен карама-каршы келет.

Март айында Пентагон Умар Шишани Сириянын түндүк-чыгышындагы америкалык аба соккуларынан жарадар болуп, ошондон каза тапканын билдириген болчу. Шишанинин теги грузин, чыныгы аты-жөнү Тархан Батирашвили. Ал Грузиянын түндүгүндөгү Панкис өрөөнүнөн чыккандыктан Умар-чечен деген ысым менен да белгилүү. Бул өрөөндө мурда чечен жикчилдеринин базасы болгон.

Батирашвили 1986-жылы Панкис өрөөнүндөгү Бириканы кыштагында туулган. 2008-жылдагы орус-грузин конфликтине катышкан. 2010-жылдын күз айында мыйзамсыз курал сактаганы үчүн сот жообуна тартылып, абактан радиалдуу диний көз карашка кабылган. Шишани өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топто негизги жетекчилик кызматтарда болуп, анын ичинде «аскер министри» деген кызматта да турган. Өткөн жылдын май айында АКШ Батирашвилини кармоо үчүн ал жөнүндө маалымат бергендерге 5 млн. доллар сайганы убада кылганы бар. Көп өлкөлөр «ИМ» тобун экстремисттик, террористтик уюм деп тапкан. (AbA)