Эмне үчүн Түркия төңкөрүшү ишке ашкан жок?

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Аскердик топ бир нече саатка Анкара жана Стамбулду көзөмөлгө алып турушкан

Он бешинен он алтысына караган түнү аскердик топ бир нече саатка Анкара жана Стамбулду көзөмөлгө алып турушкан. Алтургай төңкөрүш ишке ашкандай көрүнгөн. Бирок абал түп тамырынан өзгөрдү.

Төңкөрүлүшчүөр өлкөдөгү негизги имараттарды жана телеканалдарды басып алган учурда президент Эрдогандын эч кандай таасири сезилген эмес.

Төңкөрүштүн уюштуруучуларына элдин жана эң башкысы аскердик көпчүлүктүн колдоосу зарыл болду. Ишембиге караган түнү көтөрүлүшчүлөргө премьер-министр Бинали Йылдырым каршы туруп жаткандай сезилди. Бирок бийлик Эрдогандын колунда тургандыгын көпчүлүк билип жатты.

Төңкөрүш толук кандуу ишке ашышы үчүн козголоңчулар президентти маалымат айдыңынан такыр жок кылуусу керек эле. Иш жүзүндө андай болгон жок. Бир аз өтпөй эле “Мен бул жерде башкаруучумун”,-деп билдирди Эрдоган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption “Мен бул жерде башкаруучумун”,-деп билдирди Эрдоган
Бурулуш учуру

Бир нече саат бою президенттин кайсы жерде экендиги белгисиз болду.

Айрым маалыматтарга караганда ал өлкөнүн түштүк-батышындагы Мармарис курортунда эмгек өргүүсүндө болгон.

Президент Стамбулдагы Ататүрк аэропортуна келип маалымат жыйыны өткөрөөр замат абал түп тамырынан өзгөрдү. Бул убакытта өкмөт көзөмөлдү колдон чыгарбай эң негизги аскер жетекчилеринин колдоосун алып жаткандыгы белгилүү болду.

Анкарадагы президенттин сарайы жана өкмөттүн имараты кооптуу абалда тургандыктан Эрдоган Стамбулдан кайрылуу жасады.

Президенттин башкы кеңешчиси Би-Би-Сиге: “Төңкөрүш басылды, себеби эл ушуну каалады”,-деп билдирди.

Маалымат каражаттарына көзөмөл

Төңкөрүлушчүлөр мамлекттик TRT телеканалын басып алышып, өз кайрылуларын элге жеткирүүгө үлгүрүштү. Алар бийлик “Тынчтык кеңешине” өткөндүгүн билдиришип, өлкөгө коменданттык саат киргизилгендигин айтышкан.

CNN Turk телеканалы аскерлер басып алгандан кийин бир нече саат эфирлерин токтоткон. Бирок алар көзөмөлдү көпкө кармай алышкан жок.

Стамбул аэропортуна келгенге чейин эле президент Эрдоган CNN Turk каналынын журналисттери менен чөнтөк телефону аркылуу видео байланышка чыгып, өлкө калкын көчөгө чыгууга чакырган.

Эрдогандын мейманканадан эрте чыгып кеткени анын пайдасына болду. Себеби, ал мейманкананы бомбалоо башталып, Эрдогандын партиясынын баш катчысы уурдалган эле.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Президенттин башкы кеңешчиси Би-Би-Сиге: “Төңкөрүш басылды, себеби эл ушуну каалады”,-деп билдирди
Муну да окуңуз: Түркияда төңкөрүш аракетине шектүүлөр кармалуудаТөңкөрүшчүлөр армиядан толук колдоо тапты беле?

Башкы штабдын начальниги генерал Хулуси Акар баш болгон бир топ адамдар козголоңчулардын тобуна колдоого алган эмес. Мындан сырткары атайын бөлүктүн жоокерлери жана Аскер деңиз флоту да кошулган эмес. Көп өтпөй алардын F-16 истребители төңкөрүлүшчүөрдүн танктарын аткылай баштаган.

“Бул мамлекттик төңкөрүш баштала элек жатып ийгиликсиз болду”, - деп айтты Британиянын эл аралык мамилелер институтунун серепчиси Фади Хакура.

Анын пикирине караганда аскер адамдарынын колдоосун таба албаган үйрөнчүктөрдүн аракети болду.

Эрдогандын пикири боюнча аскердик төңкөрүш жасоо аракетинин артында Гүлен турат

Түрк өкмөтү төңкөрүштү Гүленге тиешелүү аскердик топ уюштурду деп ырастоодо.

Светтик оппозициялык Республика партиясы Түркия бир канча ирет аскердик төнкөрүштөрдү башынан кечиргенин жана анын кайталанышын каалабай тургандыктарын билдирди.

Улутчул манайдагы оңчулдар партиясы да өкмөттү колдоду.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Төңкөрүштү АКШ уюштурушу мүмкүнбү?

Президент АКШда куугунтукта жүргөн мурунку союздашы Фетхулах Гүленди бул кутумду уюштурууга тиешеси бар деп бир нече ирет күнөлөөдү.

Бул ирет Эрдоган Гүленге байланыштырып дагы бир өлкөгө айып такты.

Бирок Гүлен буга эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди.

Анадолу Мамлекттик кабарлар агенттигинин малыматына карганда өкмөт “шектүү мамлекетке” байланышы бар деп, 5 генерал жана 29 полковнкти убактылуу кызматынан четтети. (AbK)