Түркияда төңкөрүш аракетине шектүүлөр кармалууда

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Төңкөрүш жасоого аракет кылган бул аскердик топтун чоо-жайы так белгисиз. Президент Эрдоган CNN Turk каналына мобилдик телефон аркылуу курган маегинде бул аракет “параллелдик түзүмдүн” колунан келгенин айтты

Төңкөрүш жасоого аракет кылган деген шек менен 2800гө жакын адам кармалды. Грециянын полициясы билдиргендей, 16-июлга караган түнү бул өлкөгө "Блэкхоук" аскер тик учагы менен чек арадан мыйзамсыз өткөн сегиз киши келип, саясий башпаанек сураган.

Учурда алардын аттары аталбаганы менен, грек маалымат агенттиктери алар төңкөрүшкө тиешеси бар болушу мүмкүн деп билдирүүдө.

Анадолу маалымат агенттиги болсо Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин “сегиз аскер чыккынчыны тезинен кайтарып бергиле” деп айтканын жазды.

Түркиянын Доган агентигини билдиргенине караганда качкандардын бешөө катардагы жоокерлер, экөө майор, капитан жана жөнөкөй тургун болгон.

Түркиянын маалымат каражаттары билдиргендей, ишемби күнү өлкөнүн сотторунун жана прокуролорунун Башкы кеңешинин чукул жыйыны болду. Анда 2745 сот кызматынан четтетилди.

Арасында соттордун Башкы кеңешинин беш мүчөсү болгон.

Жыйында Эрдогандын атаандашы саналып куугунтукта жүргөн таасирлүү комдук ишмер Феткулах Гүлен менен байланышы барларга дисциплинардык чара көрүү маселеси да талкууланды.

Түрк өкмөтү төңкөрүштү Гүленге санаалаш аскердик топ уюштурду деп ырастоодо.

Дүрбөлөң түшкөн абал

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган төңкөрүшчүлөрдү айыптап, алар анын көзүн тазалоогө аракет кылгандыгын айтып, алдыда армияны жапырт тазалоо зарылдыгы турганын билдирди.

“Алар буга башы менен жооп беришет. Армияны тазалоого негиз берген бул көтөрүлуш кудайдын белеги ”,-деп билдириди Эрдоган.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жана анын өкмөтү өлкөнү көзөмөлгө ала алды.

Анткен менен серепчилер бул өлкөдө кооптуу жагдай кала берет деп эскертип жатышат.

Мурдараак Эрдоган өзүнүн тарапташтарын абал турукташмайын шаар көчөлөрүнөн кетпөөгө чакырган.

Ошол эле учурда аларды колдоп, “тизгин өкмөттө ” экенин жана кырдаалды көзөмөлдө болорун айтты. Ушу тапта окуянын көпчүлүк уюштуруучулары кармалууда. (ErA)

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Мурдараак Эрдоган өзүнүн тарапташтарын абал турукташмайын шаар көчөлөрүнөн кетпөөгө чакырган
Image caption “Алар жасаган иштери үчүн керт башы менен жооп берет", - деди президент Эрдоган.