Еревандагы барымта: суроолор жана жооптор

Сүрөттүн автордук укугу androlepsy

Армениянын бийлиги жекшембиде Ереванга жакын жердеги полиция участогунда кол салуу болгонун билдирди.

Армениянын коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, кол салгандар бир нече полиция кызматкерин барымтага алышты, бир адам өлдү, экөө жаракат алды.

Барымтага алгандар бир катар саясий талаптарын билдиришкен.

Белгилүү армян журналисти Марк Григорян Би-Би-Синин орус кызматына Армениянын борбор калаасында болуп өткөн окуя тууралуу көз карашы менен бөлүштү.

Би-Би-Си: Армениядагы окуяны төңкөрүш аракети деп атаса болобу?

Марк Григорян: Менимче болбойт. Баарыбыздын оюбузда бир нече күн мурда болуп өткөн Түркиядагы төңкөрүш аракети турат. Жолдордо танктарды, асманда тик учактарды, атышуу, кагылышууларды көрдүк. Бир бөлүгү мамлекет тарапта калып, бир бөлүгү козголоңчуларды колдогон бөлүнгөн армияны көрдүк.

Арменияда андай эч нерсе болгон жок. Жергиликтүү басма сөздүн жазгандарына ылайык, 20-25 адамдан турган чоң эмес топ бир гана полиция участогуна келип, 7-8 адамды барымтага алды. Бул жөнөкөй райондук полиция участогу.

Сүрөттүн автордук укугу azatutyun.am

Козголоңчулардын тарабында куралдуу күч жок – куралдуу күч мамлекеттин көзөмөлүндө, полиция мамлекеттин көзөмөлүндө.

Андан сырткары барымтага алгандар «биздин талаптарыбызды аткарбасаңар, ...» деген жок. Полиция кызматкерлерин өздөрүнүн коопсуздугу үчүн кармап турушат.

Би-Би-Си: Алар эмне талап кылууда?

М.Г.: Алар «Уюштуруучу парламент» аттуу оңчул радикал кыймылдын лидери Жирайра Сефилянды бошотууну жана президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

Би-Би-Си: Барымтага алган кайсы бир конкреттүү топпу?

М.Г.: Ооба, бул улутчул топ. Анын негизин «Сасна Црер» - «Каардуу сасундуктар» деген отряддын согушчандары түзөт. Ал 1990-жылдардын башында Карабакта Сефилян менен бирге согушкан. Аларга жаш активисттердин тобу да кошулган.

Кызыгы бул: Сефилян июнда ушул өңдүү иш-аракетти – куралдуу төңкөрүш жасоо аракетин уюштуруу боюнча айыпталып камакка алынган. Анда куралды мыйзамсыз сактоо беренеси да бар.

Сефилян биринчи жолу отуруп жаткан жери жок. Мурда да ушул эле өңдүү айыптар менен кармашкан. Ар бир жолу саясий себеп менен камоо деп аташкан. Саналуу мөөнөт отургандан кийин эркиндикке чыкчу жана саясий ишмердүүлүгүн улантып келген.

Би-Би-Си: Баары Түркиядагы окуядан кийин болду. Бул дал келүүбү?

М.Г.: Мага аларга Түркиядагы окуялар эмес, Тоолуу Карабактагы апрелдеги кырдаалдын курчуганы таасир эткендей сезилип жатат. Анткени ал коомдо чоң нааразылык жаратты.

Би-Би-Си: Арменияда ушу барымтага алуу өңдүү окуя болду беле?

М.Г.: Арменияда 1999-жылы парламент атышуусу болгон. Көчө кагылыштары, протесттер болгон. Бирок куралдуу топ мындай кадамга баруусу болгон эмес эле.

Бир адам өлдү. Дагы курмандыктар болушу ыктмымал, анткени алардын экөө жарадар, айтымдарында, абалы өтө оор.

Би-Би-Си: Эмне үчүн бул адамдар мындай тактиканы тандашты?

М.Г.: Менимче алардын логикасы мындай болчу : өздөрү баштаса, эл көтөрүлүп көчөлөргө жана аянттарга чыгат, элдин ачуусу менен «жаман» өкмөт кулатылат.

Чынында эле Арменияда өкмөткө сын айтуу калыптанган. Адамдар бийликке абдан нааразы, жумушсуздук, жакырчылык, бийликтин коррупциялашканын айыпташат.

Ошондуктан окуяны уккан эл дароо көчөлөргө чыгат деп пландашса керек. Бирок көчөгө эч ким чыккан жок.

Би-Би-Си: Демек аларды эч ким колдобойт экен да?

М.Г.: Азыр биз сүйлөшүп жаткан мүнөттөрдө кырдаал мындай: алар полиция участогунда отурат жана алар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышат.

Менин тажрыйбама ылайык, полиция, бийлик козголгоңчулар менен узак, татаал, ар кандай мааниси жок майда-чүйдөгө такалган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Чарчашты, ошондо аларды колго алуу оңой болот.

Би-Би-Си: Башкача айтканда сиз бастырып киришет деп жатасызбы?

М.Г.: Балким. Бирок ошол эле маалда алар макулдашып, колго түшүп бериши мүмкүн экенин да жокко чыгарбаш керек.