Стамбул полициясы тик учактарды эскертүүсүз атабыз деди

Стамбул полициясынын жетекчиси Мустафа Калискан шаар үстүнө уруксатсыз учуп чыккан тик учактарды эскертүүсүз атып түшүрүү боюнча буйрук берди.

Ѳткөн апта соңунда ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш аракетинен кийин Стамбулга өлкөнүн башка аймактарынан 1800 атайын бөлүктүн аскерлери алынып келип, коопсуздук сактоого тартылууда деп кабарлайт түркиялык Anadolu агенттиги.

Полициянын кошумча күчтөрү шаардагы маанилүү обьектилерди кайтарууга алып, көчөлөрдө кайгуулга чыгууда. Буга чейин президент Реджеп Тайип Эрдоган 2004-жылы алып салынган өлүм жазасы кайра киргизилиши мүмкүндүгүн айткан.

Ишембиде түндөсү Түркияда бир канча аcкер бөлүктөрү аскер төңкөрүшүн жасоого аракет кылып, 290 адамдын каны төгүлдү. Төңкөрүшчүлөр бир нече тик учакты өзүнө алууга жетишкен. Тик учактардын экөө Анкарада аба күчтөру тарабынан атып түшүрүлгөн. Төңкөрүш боюнча айыпталып 6 миң киши кармалды.

.