Түркияда өзгөчө кырдаал абалы киргизилди

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган өлкөгө үч айлык өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Мындай чечимди президент 16-июлдагы мамлекеттик төңкөрүшкө байланышкан коркунучту жок кылуу аракети деп түшүндүрдү.

Реджеп Тайип Эрдоган «төңкөрүш жасоого аракеттенген террордук уюмдун элементтерин тез арада зыянсыздандыруу» убадасын берди.

Бул чечим Эрдоган өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушуудан кийин кабыл алынды. Ѳзгөчө кырдаал абалы учурунда демократиялык институттар жапа чекпейт деп ишендирди президент.

"Демократия жөнүндө сөз болгондо биз эч качан андан баш тарткан тарткан эмеспиз жана эч качан артка кайтпайбыз»,-деди президент Анкарадагы басма сөз жыйынында.

Мамлекеттик төңкөрүш ишке ашпай калган бириинчи күндөрдөн эле бийлик тарабынан кеминде 45 миңдей адам кызматынан четтетилип, арасында камакка алынгандар болду. Алты миңдей аскер кызматкери кармалды. (AbA)