Ансбахтагы жардырууну жасаган сириялык качкын болгон
Бавариянын Ансбах шаарындагы барлардын биринде жардыруу жасаган 27 жаштагы сириялык качкын болуп чыкты. Бир жыл мурун Германия ага башпаанек берүүдөн баш тарткан экен. Бавариянын ички иштер министри Йоахим Херрманн ал буга чейин психикалык жактан дарыланып жүргөнүн билдирди.
Херрманн жергиликтүү медиага берген интервьюсунда шектелип жаткан киши буга чейин эки жолу өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганы туралуу билдирген. «Ал башкаларды атайлап өлтүрүүнү максат кылганбы же жокпу азырынча белгисиз»,-деди Херрманн. Ѳлгөн кишинин кол баштыгынан табылган жардырыгыч заттар көп кишини кошо жардырып өлтүрүүгө, жаракат кылууга жетмек деп белгилейт министр. Бул окуянын алдында аны Ansbach Open деп аталган музыкалык фестивалга киргизбей коюшкан экен. Министр фестиваль негизги бута болуп калышы мүмкүн эле деп айтты.
Бардын кире беришиндеги жардыруудан кийин райондогу 2500 миң киши башка жайга чыгарылган. Жанкечтинин өзүнөн башка каза болгондор жок. Соңку маалыматтарга караганда жаракат алгандар саны 12 киши деп айтылууда.
Жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 10дор чамасында шаардын борборундагы барлардын биринин кире беришинде орун алган. Башында жергиликтүү медиа жардыруунун себеби газдан болушу мүмкүндүгүн жазып чыгышкан, кийин шаар мэри бардын кире беришинде жардыргыч зат жарылганын маалымдады.