Түштүк Африкада ымыркай баланы уурдаган аял он жыл түрмөгө кесилди

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

Түштүк Африкада сот 19 жыл мурда ооруканадан баланы уурдап алган аялды он жылга түрмөгө кести. 2015-жылы Зефани Нерс менен мектепте окуган кыз дын өтө окшош экенин байкалгандан кийин кылмышка шектүү катары бул аял камакка алынган. Полиция жүргүзгөн ДНК-тест бул кыздардын бир тууган экенин аныктады.

Би-Би-Синин Кейптаундагы кабарчысынын айтымында, соттун чечими чыгып жатканда баланы уурдаган деп соттолгон 52 жаштагы аялдын өңү таштай купкуу болуп турду. Зефанинин үй-бүлөсү жана айыпкердин туугандары Кейптаундагы соттун имаратын курчап турушту.

Судья сот процесси болуп жаткан учурда бул аялдын калпын кармап алды. Ошондуктан ал он жылга эркинен ажыратылды. Мындай катуу жаза берилгенинин дагы бир себеби анын күнөөсүн таптакыр мойнуна албагандыгынан да болду. Ал ымыркайды уурдап кеткенин мойнуна албай, ага бала темир жол вокзалында бир аял тарабынан берилген деп айтты. Бирок анын бул сөзүнө судья ишенбей, четке какты.

Неерстин биологиялык ата-энеси сотто жеңип чыккан менендагы эле күйүт басыла элек. Анткени алар көп жыл мурда жоголуп табылган кызы менен алиге жакшы байланыш түзө албай жатышат, ал кыз дагы деле өзү атам деп ишенген адам менен жашап жатат.