Түндүк Корея Япон деңизинде баллистикалык ракета учурду

Сүрөттүн автордук укугу

Түндүк Корея Япон деңизиндеги суу астындагы кайыктан баллистикалык ракета учурганын түштүк кореялык Йонхап агенттиги билдирди.

Түштүк кореялык и америкалык аскер мекемелеринин маалыматына караганда, ракета 480-500 км аралыкка учуп барып, Япон деңизине түштү.

"Бул KN-11 баллистикалык ракетасы болду окшойт", - деп билдирди Рейтер агенттигине АКШнын Коргоо министрлигинин атын атабаган кызматкери.

Ушундай эле баллистикалык ракета учуруу өткөн айда да болуп, бирок ал жакшы ишке ашпай калган деп айтылууда.

Түндүк Корея буга чейин Ulji Freedom Guardian аскердик машыгууларына катышып жаткан Түштүк Корея менен АКШнын аскердик күчтөрүнө биринчи болуп сокку урууга даяр экенин жарыя кылган.

75 миң аскер катышып жатикан аскердик машыгуулар сентябрдын башына чейин болот.

Түндүк Кореянын бийликтери бул машыгууларды өлкөгө басып кирүүнүн масштабдуу даярдыгы катары кабыл алышууда.

Пхеньян азыркы учурда өзүнүн өзөктүк программасынан баш тартпай жатканы үчүн эл аралык катаң санкциялардын кысымында турат.

Июнь айында Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик КЭДР иштетилген өзөктүк отундан плутоний чыгарган заводду ишке киргизип жаткансыйт деп билдирген.