Ислам Каримовдун ишмердиги жана өмүрү тууралуу беш факт

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Президент өзү чыгып бийлечү
Каримов кантип президент болгон?

Ислам Каримов чейрек кылым бийликте турду. Анын жетекчилиги астында карапайым өзбекстандык кантип жашаган? Ал ким менен мамиле күтүп ким менен касташкан?

Каримов – совет доорунан бери башкарып келген жетекчилердин бири болгон.

Сүрөттүн автордук укугу dunyouzbeklari.com

1989-жылы Өзбекстандын партия жетекчиси Рафик Нишанов Москвага которулуп, Каримов анын мураскору болуп республиканы жетектеп калган.

Ислам Каримов советтик өлкөлөрдүн жетекчилеринин ичинен биринчилерден болуп президент "титулун" алган. Ал 1990-жылдын 24-мартында Өзбекстандын президенти болуп Өзбек ССРнин Жогорку Советинин сессиясында шайланган.

Өзбекстандын Конституциясы өлкө башчысы катары бир эле адамдын эки мөөнөттөн ашык иштөөсүнө жол бербегени менен, Каримов 25 жыл бою башкарууну колунан чыгарган эмес.

Буга президенттин бийликтеги мөөнөтүн узарткан бир нече жолку референдум аркылуу жол ачылган. Ар бир референдумдан кийин бийликтегилер эсеп жаңыдан башталаарын жарыялап, Каримов такай шайланган.

Анжиан окуясы

Анын буйругу боюнча, Анжианда нааразылыкка чыккан ондогон адамдар өлтүрүлгөн.

Укук коргоочулар арасында Ислам Каримов учурдагы эң катаал диктаторлордун бири катары эсептелет. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун баамында Зимбабве президенти Роберто Мугабе жана Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын катарында Каримовду “мыкаачы” деп аташкан.

Image caption Анжиан 2005-жыл

Каримовдун башкаруу мезгилинде 2005-жылдын 13-майы Анжиан шаарындагы окуя эң кандуу трагедия болуп калды. Куралсыз топ өкмөттүн куралдуу күчтөрү тарабынан курчоогоо алынып, аскерлер ок аткан. Расмий маалыматтар боюнча 187 киши курман болгон.

Ал окуяда миңдеген адамдар жашоо шартты жакшыртуу жана жарандык эркиндик талаптары менен Анжиандын борбордук аянтына чыгышкан.

Ошол учурда Каримов Анжианда ислам көтөрүлүшүнүн аракеттери болгонун, бирок ок чыгарууга эч ким буйрук бербегенин баса белгилеген. Азыркыга чейин эл аралык басам сөздө Өзбекстанда адам укуктарынын тебелениши, оппозицияга кескин мамиле жана саясий камакка алынгандарды кыйноолор тууралуу билдирүүлөр чыгып келет.

Үй-бүлөсү жана мураскор маселеси

Каримовдун уулу жок. Улуу кызы Гүлнара Каримова үй-бүлөнүн эң таанымал мүчөсү катары белгилүү.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Улуу кызы Гүлнара Каримова

Гүлнара Каримова кайсы бир убактарда Борбордук Азиядагы эң тасирдүү адамдардан болуп келген. Ал ишкердик менен алектенип, ырдап, модольер катары чыгып, өз коллекциялары менен Нью-Йорктогу мода жумалыктарына катышып, орусиялык жана өзбекстандык олигархтар менен мамиле күтүп атасынын саясатына да таасир этип келген.

Ага каршы батышта акча чайкоочулук кылгандыгы айтыла баштаган. Өзбекстандын өзүндө ал үй камагына алынган.

Президенттик үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү тууралуу маалымат аз.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Кенже кызы Лола Каримова

Анын кенже кызы жүрөк оорусунан жабыркаган балдарга жардам берүүчү “Сен жалгыз эмессиң” аттуу кайрымдуулук фондун жетектейт.

Сүрөттүн автордук укугу
Image caption Ислам Каримов жубайы Татьяна Акбаровна Каримова менен

Каримовдун аялы Татьяна тууралуу маалымат жокко эсе.

Өзбекстандын экономикасы

Өзбекстандын экономикасы пахта жана мигранттардын акчасына негизделген.

Каримовдун тушунда совет доорунан калган көптөгөн ишканалар жабылып, соңку жылдары газ жана электер энергиясы маал-маалы менен берилип, улуттук валюта сум болсо туруксуз бойдон калууда.

Image caption Өзбек сому

Ошол эле учурда Өзбекстан жаратылыш ресурстарына бай. Мунай жана газды экспорттойт. Ошол эле учурда пахта өндүрүү боюнча алдыңкы бештикке кирет.

Сүрөттүн автордук укугу none

Алтындын чалгындалган запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү ал эми алтын казып алууда - тогузунчу орунда турат.

Серепчилердин баасы боюнча ишкердик жүргүзүүдө өзбекстандын климаты начар. Көз карандысыз "Трансперенси Интернейншл" уюмунун жыл сайын жарыяланган рейтингинде Өзбекстан коррупция боюнча 150-орундан түшпөй келе жатат.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Көз карандысыз "Трансперенси Интернейншл" уюмунун жыл сайын жарыяланган рейтингинде Өзбекстан коррупция боюнча 150-орундан түшпөй келе жатат

Экономикалык жетишпестиктен улам эмгекке жарамдуулардын 10 пайызы чет өлкөлөрдө иштешет. Алардын 58% Орусияда, калгандары Казакстан, Бириккен Араб Эмираттарында, Түркия, Түштүк Корея жана Европа өлкөлөрүндө.

Тышкы саясат тууралуу

Өзбекстан ар дайым Батыш менен Орусиянын тилин таап келген жана коңшулары менен жөнөкөй мамиледе болгон эмес.

Өзбекстандын саясий жана экономикалык башкы өнөктөшү Орусия болуп келет.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Орусия президенти Владимир Путин менен өзбек президенти Каримов

2014-жылдын декабрында Орусия менен Өзбекстан эки тараптуу каржылык келишимине кол коюшкан. Жыйынтыгында Москва Ташкенттин 95% карызын кечкен. Тагыраак айтканда, ал 860 миллион доллардан ашык каражат.

Орусия Өзбекстандын негизги соода өнөктөшү. Ага эл аралык соодасынын 27,5% туура келет.

Өзбек бийлигинин Тажикстан менен мамилеси бир топ эле татаал. Соңку жылдары бул мамилени ал тургай кандуу согуштун түрү деп атап келишет.

Сүрөттүн автордук укугу president.tj
Image caption Ислам Каримов Тажикстандын президенти Эмамоли Рахмон менен

Өзбекстан Дүйшөмбүнүн суу-энергетикалык демилгелерине жана Тажикстан менен Кыргызстанда ири ГЭСтерди курууга тикелей каршы чыгып келет.

Өзбекстан кошумча станциялар аймакка экологиялык олуттуу көйгөйлөрдү алып келээрин жана Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат суу тартыштыгына кабылаарын айтып келет.

Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасындагы көп аймактарга мина коюлуп, жергиликтүү элге кыйла кыйынчылык жаратып келет. (AbK)