К. Токтомушев: Өзбекстандын кийинки лидери жалпы чөлкөмгө таасир этет

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Өзбекстандын өкмөтү 25 жыл бийликте турган президент Ислам Каримов дүйнөдөн кайтканын маалымдады

Ислам Каримовдун дүйнөдөн өткөнүн Өзбекстандын өкмөтү тастыктады. Би-Би-Си Борбор Азия университетинин мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун илимий кызматкери Кемел Токтомушевго кайрылып, соңку окуялар Борбордук Азияга кандай таасир этиши мүмкүн деп сурады.

Кемел Токтомушев: Бул Өзбекстан гана эмес, жалпы Борбордук Азия чөлкөмү үчүн орчундуу маселе. Учурда көп суроолор чыгууда.

Негизги суроо Каримовдун доорунан кийинки Өзбекстан кандай болот? Себеби анын абалы оор экени так болду, бирок, ордун ким басаары дале белгисиз бойдон.

Каримовдун катаал саясаты уланабы же өлкө ачылып, демократиялык бийлик курулабы деген суроолор да чыгууда.

Менимче азыр жана буга чейин Өзбекстанда элитанын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатты, тараптар мунаса табууга умтулууда.

Өзбекстандын кийинки лидери жалпы чөлкөмгө таасир этет.

Би-Би-Си: Каримовдун ордун ким басат деп ойлойсуз?

Кемел Токтомушев: Талапкерлердин тизмеси көп деп айта албайм. 2003-жылдан бери премьер-министрдин кызматын ээлеп келген Шафкат Мирзиёев бар. Аны самарканддык элита колдоп келет.

Сүрөттүн автордук укугу AFP Getty
Image caption Ислам Каримов жана жубайы Татьяна Каримова

Мирзиёев президенттин үй-бүлөсүнө жакын жана өтө таасирдүү деп саналган Каримовдун жубайы, Татьяна Каримова менен да жакшы мамиледе.

Теги өзбек Орусиялык олигарх Алишер Усманов менен да мамилеси жакшы экенин билебиз. Ал себептен Каримовдун оордун Мирзиёев басат деп айтылууда.

Андан тышкары Мирзиёевдун орун басары Рустам Азимовду да талапкер катары караштырышууда. Аны Ташкенттик элиталар колдойт.

Азимов 1998-жылдан бери өзбек өкмөтүндө иштеп келет. Менимче ушул эки талапкердин ортосунда күрөш жүрүүдө. Бир учурда массалык маалымат каражаттары Азимов камакка алында деп да жазышты эле. Аны өзбек өкмөтү четке какты.

Би-Би-Си: Каримовдун доорунан кийин 2005-жылы Анжиан кыргыны тууралуу маалыматтар ачык айтылышы мүмкүнбү?

Кемел Токтомушев: Бул өтө кызыктуу суроо, бирок, ага азыр жооп берүү татаал.

Себеби азырынча ким бийликке келээри, кандай саясат жүргүзүлөөрү белгисиз.

Жаңы жетекчи тандалгандан кийин аз мөөнөткө либералдашуу процесси болушу мүмкүн.

Жаңы жетекчи өлкөнүн ичиндеги элита, коңшу мамлекеттер жана чет өлкөдөгү өлкөлөр менен мамиле куруп жатканда саясатында өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Бирок өзгөртүүлөр туралуу айтуу эртелик кылат.