Отунбаева: Ислам Каримов Ош окуясында даанышмандыгын көрсөткөн

Ислам Каримов жаңы мамлекетин түптөп, өнүктүрүүдө бүт КМШ өлкөлөрүнө мисал боло алат. Ал Кыргызстанда улут аралык араздашууда даанышмандыгын көрсөтүп, өлкөлөр арасындагы кагылышуудан сактап калган. Бул тууралуу Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева билдирди. Би-Би-Си ага адгенде Ислам Каримовду кандай киши катары тааныйсыз деген суроо узатты.

Роза Отунбаева: Мамлекетти бутуна тургузуу татаал иш. Ислам Абдуганиевич ушул жагынан буткүл КМШ чөлкөмүнө мисал болот эле.

Жаңы эгемендик алганда экономикалык жолду тандаш керек болчу, Тажикстанда согуш болуп кетти, 2003-жылдан кийин Афганстандагы кырдаал абдан курч болуп турду, дүйнө финансылык кризиске учурап жатты. Ал ушунун баарына татыктуу туруштук берип, бүгүн Өзбекстанды мамлекет катары бутуна бекем тургузганына мен таазим этет элем.

Мен ал менен көп жерлерде кездештим. Сапарларга чогуу чыктык, президентти коштоп Өзбекстанга бардым, өзүм иш сапары менен жолукканы бардым. Ал катуу адам болчу, ага ошондой мүнөздөмө берилет. Ал өзүнүн өлкөсүнүн кызыкчылыгын даана, элин кайда алып баратканын так билген, багытынан чыккан эмес, балким күчкө салып болсо да эли менен тил тапкан. Ошондуктан 25 жыл ичинде Өзбекстан деген мамлекетти куруп келди.

2010-жылы Ош коогалаңында 11-июнда Ислам Абдуганиевич менен телефондон сүйлөштүм. “Силер тууралуу бардык маалымат күндө менин үстөлүмдө турат, ошентсе да кырдаалды мага түшүндүрүп бериңизчи”, деди ал. Мен айтып бердим. Ал чек араны бекем бууп саларын, биз кандай кылсак, кимге кайрылсак өз аракетибизди жасашыбыз керек экенин айтты. “Бизде да чуу көтөргөн мекенчилдер көп, алар өтүп кетсе, эки өлкө ортосунда чыр чыгат” деди.

Ал ошондо даанышмандык кылган. Бул ири, бийик адамдардын белгиси. Бул бардык эле адамдарда боло бербейт. Айткан сөзүн аткарбагандар канча.

Би-Би-Си: Бул кишинин өлүмү маалымат каражаттарында канча күндөн бери талкуу жаратып келатат. Каримовдун Өзбекстандын башында болбой калышы Борбор Азияга кандай таасир этет деп ойлойсуз?

Роза Отунбаева: Каримов деген фактор Борбор Азия аймагына түздөн түз таасир эте турган фактор. Бул аймакты мен Афганстандан Кытайдын Уйгур автоном облусуна чейин алат элем.

Азыркы күнү коопсуздук, терроризм маселесинин чеги жок. Бир өлкөдө болсо, эртең экинчи өлкөгө таасири жетип жатат. Ошондуктан коңшу өлкөдө эмне болсо бизге ошол замат таасири жетет.

Би-Би-Си: Ислам Каримов кандай саясий иштерди жасап, кандай маанилүү чечимдерди кабыл алды?

Роза Отунбаева: 1990-жылдары Борбо Азияны өзөктүк куралдан бош кылуу концепциясын иштеп чыкканбыз. Латын Америкада “Тлателолко” келишими бар экен, биз да ошондой кылсак болот дегенбиз.

1990-жылдардын ортосунда Орто Азиядагы тынчтыкты сактоо батальонун түзгөнгө аракет кылдык. Мындай демилгелерди Өзбекстан дайыма колдочу.

Ислам Абдуганиевич идеяны өзү колго алып, Борбор Азияда “Өзөктүк курал колдонулбасын” деген келишимге кол коюлган. Азыр ошондой келишимибиз бар.

Бул кишинин дүйнөлүк аренада өзгөчө орду бар болчу.