Сауд Арабия: принц өлүм жазасына тартылды

Сауд Арабияда принц Турки бин Сауд аль-Кабир өлүм жазасына тартылды. Монархия тарыхында королдук үй-бүлө мүчөсүнүн өлүм жазасына тартылышы биринчи жолу болуп жатат деп айтылууда.

Аль-Кабирге карата өкүмдү Сауд Арабиянын Жогорку Соту чыгарып, королдук жарлык менен бекитилген деп маалымат агенттиктери жазышууда.

2014-жылы принц Турки бин Сауд аль-Кабир Сауд Арабия жараны Адель аль-Махемиддин өлүмүнө тиешеси бар деп айтылып, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган.

Иликтөөлөрдө өлгөн киши принцтин досу экени айтылат. Жергиликтүү маалымат агенттиктери окуя болгон жерге принцтин өзүн чакырып, кийин аны кармап кетишкен.

Шариат боюнча, Сауд Арабияда өлүм жазасына себеп боло турган көрүнүштөр: киши өлтүрүү, маңзат аткезчилиги, куралдуу талап-тоноо, зордуктоо жана кудайды мазактоо эсептелет.

Amnesty International уюмунун маалыматы боюнча, өткөн жылы бул өлкөдө 158 киши өлүм жазасына тартылган. (ErA)

Тектеш темалар