Столтенберг: НАТО Орусия менен жаңы кансыз согушту каалабайт

Сүрөттүн автордук укугу AFP GETTY

НАТО уюмунун башкы катчысы Йенс Столтенберг Би-Би-Сиге берген маегинде Орусия менен конфрантация издебээрин жана кансыз согушту каалабай турганын билдирди.

Столнберг Чыгыш Европага НАТОнун кошумча төрт миң аскерин жайгаштырууну кармануунун белгиси деп ырастады.

Анын пикиринде, бул чечим чатакты күчөтүү эмес токтотуу үчүн кабыл алынган.

НАТО ошондой эле Орусия олуттуу коркунуч алып келет деп эсептебей турганын кошумчалады.

Альянс болгону орусиялык күчтөрдүн Украина аймагында жайгаштырылышына жана "ядролук кайым айтышууларды" орусия тарап европа өлкөлөрүн коркутуу үчүн пайдаланып жатканына жооп берип жатканын билдирди.

Столнберг бул аптада НАТОго мүчө болгон он алты мамлекет Чыгыш Европага аскер жайгаштырууга даяр экенин билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Йенс Столтенберг

Канада, АКШ, Улуу Британия жана Германиянын командачылыгы алдында НАТОнун төрт батальону Латвия, Литва, Эстония жана Польшада жайгашат. Батальондор айтылган өлкөлөрдө 2017-жылдын башында орун алат.

Төрт батальонду жайгаштыруу чечими ушул жылдын жайында Варшавада өткөн саммитте кабыл алынган.

Столнберг НАТО өлкөлөрү Орусиянын альянстын чек арасына жакын аймактагы аракеттерине өзгөчө тынчсызданып жатканын бул аптада билдирди.

Ал буга мисал иретинде Калининградга "Искандер" ракеталык комплексинин жайгаштырылышын жана Орусиянын Чыгыш округунда аскердик окууларды өткөргөнүн белгиледи.

НАТОнун Чыгыш Европада кеңейтилишин Орусияда өтө терс кабыл алышат. Буга нааразычылыгын Белорусияда билдиришти.

Орусия акырындап өлкөнүн батышында аскердик кубатын арттырып жатат. Мисалы, ушул жылдын май айында Орусия Коргоо министрилиги батыш чек арасында жаңы үч дивизия түзөрүн айткан. (AbK)

Тектеш темалар