Демократтар: ФБРдин башчысынын аракеттери мыйзамга каршы

Сүрөттүн автордук укугу

АКШнын Сенатындагы демократтар фракциясынын башчысы Гарри Рид ФБРдин Хиллари Клинтондун ишин иликтөө жөнүндө чечими мыйзамсыз деп билдирди. Анын айтымында, бул чечим шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыгына түздөн түз таасир этпей койбойт.

Рид ошондой эле Дональд Трампты Кремль менен тыгыз байланышта деп дагы бир жолу айыптады.

Риддин пикиринде, шайлоого он күн калганда Джеймс Коминин Хиллари Клинтондун иши боюнча тергөөнү жандантып жатканы мыйзамга каршы, ага ылайык аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө шайлоонун жүрүшүнө таасир көрсөтүүгө тыюу салынган.

"Өзүңүздүн ээнбаш аракеттериңиз менен сиз, балким, мыйзам буздуңуз", - деп билдирди Рид.

Демократиялык фракциянын башчысы андан сырткары, Коминин чечиминен кийин Клинтондун атаандашы Дональд Трамптын жана анын жакын кеңешчилеринин Кремль менен болгон байланыштары жөнүндө “коркунучтуу маалыматтарды” ФБР жашырып жатканы айдан ачык болду деп айтты.

Бир күн мурда Клинтондун өзү дагы ФБРдин башчысын ага каршы айыптоолорду олуттуу карабай туруп эле тергөөнү жандантып жатканын элге жарыялап жибергени үчүн күнөөлөп чыккан.

ФБРдин директору Джеймс Коми Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы болуп иштеп турганда өзүнүн жеке почтасын кызматтык кат алышуулар үчүн пайдаланганы жөнүндө ишти иликтөөнү жандантканын билдирген эле. Ал жаңы электрондук каттар табылганын айткан.

АКШнын Конгрессине жазган катында Джеймс Коми азырынча табылган материалдын маанилүүлүгүн баалай албай турганын, жаңы иликтөө канча убакыт аларын айта албай турганын билдирген.

Клинтон 2009-жылы мамлекеттик катчы кызматына тургандан кийин анын Нью-Йорктогу үйүндө почта сервери орнотулган. Бул адрести ал төрт жыл бою кызматтык дагы, жеке дагы иштери үчүн пайдаланганы белгилүү болгон.

2015-жылы март айында New York Times гезитинин биринчи бетинде "Клинтон федералдык мыйзамдарды бузуп жатышы мүмкүн" деген макала жарыяланган.

Тектеш темалар